IMG_20211106_225220_901
Блог

Жакын адамыбыздан айрылгандагы кайгы

“Жакын адамыбыздан айрылгандагы кайгы”

Ар түрдүү эмоция, сезим, абалдарды жашап өтүү абдан маанилүү.

Жакыныңан айрылуу — бул…:
— ишенбестик
— жинденүү
— сагынуу
— капалануу
— таарынуу
— куса болуу
— кайгыга батуу
— кабыл алуу

Ар кандай абалда болот экенсиң.
Эң башкысы мунун баарын ичиңе катып, басып албай — жашап өтүү. Ооба, оор болот экен кээде, бирок жашап өтпөгөн эмоция — бул аягына чыкпай калган кино сыяктуу, же жарымынан үзүлгөн ыр саптары сымал.
Кийин баарыбир өзү жөнүндө билдирип туруп алат.

Жакын адамыбыздан айрылганда биринчи күндөрү же болбосо айлары шок абалында болобуз. Эгерде ошол жакын адамыбыз кырсыктан, күтүлбөгөн жерден каза болсо шок андан да күчтүү болот.

Ичиңизден ошол кайтып кеткен адамга кайрылып, балким канчалык кайгырганыңызды, күйгөнүңүздү, баардык эмоцияларыңызды айтсаңыз болот.
Башка жакын адамдарыңыз менен ал адам жөнүндө чогуу эскериңиз, маектешиңиз. Кайгыңызды бөлүшүңүз.
Ал адамды эскерген сайын символдук түрдө ал жашап жаткандай болот. Сиздин оюңузда жашай берет.
Катуу кайгырып, өзүңүздүн ден-соолугуңуз чөгүп баратса, жумушка бара албай, күнүмкү турмуш ишиңизди жасай албай, же болбосо жакшы окуяларга, жакшы нерселерге сүйүнө албай кайгыдан чыга албай турсаңыз, ал абал 6 айдан өтүп сиздин маанайыңызды дайым чөктүрүп турса балким депрессияга өтүп кетиши мүмкүн.

Элде кээ бир калыптанып калган сөздөр бар. “Ыйлаба”, “жакшылык менен бүтөт”, “өзүңдү карма”, “баарыбыз бир күнү кетебиз” деген сөздөр. Алар көңүл айтканга жардам берет. Бирок баардык эле учурда кайгыга батып турган адамга жардам бербейт, анткени сезимдердин чыгуусун токтотуп салышы мүмкүн.

Андан көрө жөн гана: «мен сага кандай жардамымды көрсөтө алам?» же «бир нерсе керек болсо мен жаныңдамын”, “жаныңда болоюн, эскерели, кайгыңды айтып ал” деп, кандайдыр бир жеке, кайгырган кишинин сезимдерин чыгарганга, чагылтканга, эмоцияларын жашап өтө алгандай шарт түзүүгө аракет кылсаңыздар болот. Ал эми кайгыга баткан адам канча ыйлагысы келсе ошончо ыйласа болот эркек болобу, аял болобу, жаш болобу же кары болобу. Сезимдерди жашап өтүү зарыл, кандай кыйын сезимдер болсосун.
Алтынай Кариева

IMG_20211106_224734_396
Блог

Эмпатиянын түрлөрү

Эмпатиянын түрлөрү

Эмпатия байыркы грек тилинде «empatheia» сөзү, мында «em» префикси «ичинде” дегенди, ал эми «patheia» сезимди билдирет.

Когнитивдик эмпатия – бул башка адамдын көз карашын так түшүнүү, өзүн башка адамдын ордуна коюу жана анын кандай ойдо экенин түшүнүү.
Бул эмпатиянын түрү өзүн-өзү жакшы билүүдөн башталат. Ал адамдардын кызыгуусун стимулдайт, сапаттуу мамиле курганга жана туура чечим алуусуна жардам берет. Мисал үчүн менеджер же болбосо мекеменин башкаруучулары үчүн когнитивдик эмпатияга ээ болуу жана аны машыктыруу абдан маанылуу. Бул интеллектуалдык процесс.
Эмоционалдык эмпатиядан айырмаланып, когнитивдик эмпатия сөздүн жана анын мааниси адамдын мээсинде калыптанышынан көз каранды.

Ал эми эмоционалдык эмпатия – башка адамдын сезимдерин жана эмоцияларын башынан өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Ал наристеде да болот. Мисалы: бир бала ыйласа, экинчиси ыйлашы мүмкүн. Бир наристе башка баланын эмоцияларын сезип, чагылта алганын билдирет. Башка мисал баарыбыздын башыбыздан өткөн учур бул -жакын адамыбыздын ыйлаганын көрүп аны менен кошо ыйлап же кайгыга баткан учур.

Бирок эмпатиялуу адам сөзсүз башка бирөөгө камкор көрсөткөн адам деп айтууга болбойт. Эмпатикалык камкордук – бул башкаларга кам көрүү жана жардам берүү, активдүү кыймыл-аракет жасоо. Эмоцианалдык жана когнитивдик эмпатияга ээ болуу эмпатиялык камкордук көрсөтүүгө барабар эмес.

IMG_20211106_224451_073
Блог

Эмпатия

Эмпатия – бул башкалардын эмоционалдык абалын сезүү, түшүнүү жана боорукерликти көрсөтүү жөндөмдүүлүгү. Ал балачактан баштап мамилелер аркылуу калыптанат. Ушул жөндөмү өнүккөн адам үчүн башкалардын эмоциялары маанилүү, андай адам башка бүрөөнүн сезимдерин чекте какпайт, аларга баа бербейт, сындабайт жана кабыл алганды билет.
Эмпатиянын негизги эки түрү бар:
эмоционалдык жана когнитивдик эмпатия.
(Уландысы болот)

Блог

«Эмоциялардын дөңгөлөгү» Р. Плутчиктин теориясы боюнча

Эмоциялар менен сезимдер абдан маанилүү. Биз алар аркылуу өзүбүздү жана башкаларды жакшы түшүнөбүз билебиз.
Эмоцияларды классификациялаган илимий ишмерлер көп. Алардын бири америкалык психолог Роберт Плутчик. Плутчиктин өзүнүн теориясында эмоцияларды дөңгөлөк же гүлгө салыштырган.

Анан теориясы боюнча эмоциянын эки түрү бар: негизги эмоциялар жана татаал эмоциялар.

Биринчи огунда (дөңгөлөктүн ортосунда) негизги эмоциялардын интенсивдүү түрү жайгашкан: толкундануу — бакытсыздык — суктануу — жийиркенүү — каардануу — үрөйү учуу — айраӊ таӊ калуу — этият болу.

Дөңгөлөктүн экинчи огунда негизги эмоциялар (Плутчиктин сунушу боюнча 8 эмоция): кубаныч- капалануу- ачуулануу- коркуу жана ишеним — канаатанбоо — таң калуу — күтүү.

Үчүнчү огунда негизги эмоциялардын түрү аралашып түзүлгөн композиттер — татаал эмоциялар жана алардын айкалыштары берилген.

angry-2191104_1280-e1507882281103
Блог

Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?

Ачуулануу жөнүндө
Бул макалада биз ачуулануу – ар бир адамда пайда боло турган, бирок “позитивдүү” деп саналбаган эмоция тууралуу талкуулайбыз.

Бүгүн мен төмөндөгүлөр тууралуу айтып берем:
—    ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот;
—    эмне үчүн ачууланууга тыюу салынат жана ал туурабы;
—    өз ара мамилелерде ачууланууну кантип көзөмөлдөөгө болот;
—    ачуулануу чынында эмнеден кабар берет.

Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?

Ачуулануу – бул адам окуяны, жагдайды, башка адамдын иш-аракетин же сөзүн чабуул (коркунуч) катары кабыл алганда пайда болгон эмоциялык реакция. Ал катуу кыжырдануу, нааразычылык менен коштолот жана маңызы боюнча болгон окуяга каршылык болуп саналат. Ачуулануу – негизги жана ошол эле убакта эң күчтүү эмоциялардын бири.

Ачууланган адам ар дайым чыңалат, анын жүрөгү тезден согот, анын бүтүндөй денеси мобилизацияланат, ал катуу тартылган кылга окшош калат. Ачууланганда адамда көп энергия пайда болот – ал коргонууга же каршы чабуул кылууга даяр болот. Бул күч-кубат кайдан алынат? Мобилизацияланган жана дүүлүккөн адамда көптөгөн гормондор, анын ичинде адреналин (“коркуу же согуш гормону” деп аталган), кортизол (стресс гормону), серотонин (ооруну көңүлгө албоого жардам берген гормон), допамин (“сыйлоо гормону”) жана тестостерон (“күч-кубат жана эрдик гормону”) бөлүнүп чыгаарын медиктер белгилешет.

Ачууланган адам өзүн көзөмөлдөй албай калат, кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып же бир нерсе жасашы мүмкүн. Ошондуктан, “ачууга алдырып койду”, “ачуу душман” деген сөздөр көп айтылат. Алардын баары ачуулануу – бул күчтүү дүрмөттөлгөн күч-кубат экенин баса белгилейт. Эгерде ачуулануу бир адамды эмес, бүтүндөй бир топту камтыса – бул социалдык каршылыктарда, митингдерде, куралдуу кыйратууда, ал гана эмес революцияларда чагылдырылат. Бул тигил же бул социалдык топту нааразы кылган, жашоо шарттарын өзгөртүү үчүн ачуулануу керектүү күч-кубатты мобилизациялоого мүмкүнчүлүк түзө турганын көрсөтөт.

Физиологиялык көз караштан алганда ачууланууну таанып билүү өтө оңой, анткени анын симптомдору ачык жана даана көрүнүп турат – карек кичирейет, бет кызарат, булчуңдар чыңалат жана башка. Бирок психологиялык деңгээлде картина кыйла татаал болот: адам өзүнүн ачуулануусун кыжырдануу же таарыныч деп атап, ачууланууну татаал “комплекстүү” сезимдердин (мисалы, көрө албастык) курамында сезет – жыйынтыгында аны таанып билбеши мүмкүн.

Кыжырдануудан же таарынычтан айырмаланып, ачуулануу басмырланат: ал оор күнөөлөрдүн бири деп аталган жана адамды кандайдыр бир адепсиз каардуу адамга айландырат.

nfh,bz
Блог

Кантип баланы өзүнө ишенимдүү кылып тарбияласа болот?

Кантип баланы өзүнө ишенимдүү кылып тарбияласа болот?

Психолог Алтынай Кариева ата-эне өзүнө ишенбесе өзүнө ишенген баланы тарбиялоо кыйын болуп каларын белгилейт. Анткени бала деген укканын эмес, көргөн нерсени аткарат. Бардык нерсе ата-энеден башталат.

 Эгер ата-эне мисалы тойго барганда каалоо-тилекти айта албай турган болсо, баласынан бир кечеде ыр айтып укмуштуудай өнөрүн көрсөтүүсүн күтпөй эле койсо болот. Анткени ата-эне өзүнө ишенбей турса бала өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюсу өтө сейрек кездешет. 

Алдыда психолог бир нече мисалдар менен баланы ишенимдүү кылып чоңойтуу үчүн сунуш- кеңештерин берет.

Кантип өзүнө ишенген баланы чоңойтсо болот?

1- Баланын ката кетирүүсүнө уруксат бериш керек

Идеалдуу адам, идеалдуу бала жок. Андыктан туура эмес бир нерсе кылып калса ага мүмкүнчүлүк берүү керек. Сен эмнеге антип салдың, сен муну кыла албайт экенсиң, сен дайыма ушинтип саласың деген сыяктуу сөздөр менен баланы сындагандан көрө: “Башында мындай боло берет, кийинкисинде жакшы кыласың”— деген сөздөр менен колдоп кетүү жакшы.

Бизде көпчүлүк учурда бала туура эмес кылса, баса калып сындап жатып анын “уят” сезимин пайда кылабыз. Бала үчүн анын ата-энеси бала тарбиясына катышкан жакындары идеал адам болуп эсептелет. 

Туура эмес айтып жаткан болсо дагы, кичинекей бала анын бардыгын туура деп эсептейт. Айрым учурда андай жаман ойдо эмес мындай эле сөз арасында бала сүрөт тартып келсе бул дагы сүрөт тарта албайт турбайбы, ырдап берсе “ой сен эмне артист болосуңбу?” деген сыяктуу сөздөр менен анын ошол тармакта өзүн ачып көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей ишенимин жоготуп коюшат. 

Кээ бир учурда ата-эне ойлонбой сүйлөп алат же маанайы жок учурда ошол нерсе менен бөлүшүп алышы мүмкүн.

Ошон үчүн баланы инсан катары сындап, мазактабай бир нерсе окшошпой баратса дагы күлбөй колдоп, түшүнүп сүйлөшкөнгө аракет кылуу зарыл.

2- Баланы салыштырбоо керек

Эгер бала өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюшун кааласак эч качан аны башка бала менен салыштырбоо керек. 

Мисалы, башында футбол ойноп жатканда сиздин балаңыз кошунанын баласына караганда жакшы ойной албашы мүмкүн. Ошол учурда карачы Азамат кыйын ойнойт экен деген сөз балага эч кандай мотивация болбойт. Тескерисинче балада мен жакшы ойной албайт турбаймынбы, үйдөгүлөр Азаматты жакшы көрүшөт менин колуман эч нерсе келбейт андан көрө ойнобой эле коюн деп футболду дагы таштап коюшу мүмкүн. Ушундай мисалдардан улам өзүнө болгон ишеним төмөндөй баштайт. 

3- Сырткы келбетке карата…

Баланын кичинекей кезинде биздин менталитетте бул басымдуулук кылат. Биз байкабай эле мурду биздикине окшош чоң экен, көзү тигиникине окшоп калыптыр деген сөздөрдү анча деле көңүлгө албай айта беребиз. 

Бул сөздөр дагы баланын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүп баштайт. Өзгөчө өспүрүм куракта бул жакшы билинет, сырткы кебетеге комплекстер пайда болуп өзүнөн-өзү уялып баштайт.

4- Баланы көбүрөөк мактоо керек

Мактоо десе эле көзүн катуу сүзүп койсо эле эмес, кылган иши боюнча мактоо. Кылган ишине чейин баланын аракетин мактоо керек. Биз көбүнчө баланын жыйынтыгын эле мактайбыз дагы ага жеткенге чейинки кылган аракетин бошотуп ийебиз же ага көңүл бурбай коебуз. Ошондуктан аракетин мактоо маанилүү. Мактаганда дагы салыштыруу иретинде сен эң кыйынсың деп эмес,  балансты сактап объективдүү мактоо зарыл. Салыштырууда өзүнүн өткөн чагы менен гана салыштырса болот.

5- Баланын шыгына жараша өнүктүрүү

Өзүнө ишенимдүү болуусу үчүн өзү кызыккан тармакка берүү керек. Ал кайсы тармакка шыктуу, таланттуу, кызыгуусу күч болсо ошол жакка берүү зарыл. Анткени бала спортко такыр эле кызыкпаса, ага жараша күчтүү болбосо деле ушуну үйрөнсүн деп “бокс” берүү туура эмес. Ал жерден бала өзүнөн күчтүүлөрдөн басынып ого бетер чүнчүп, өзүнө болгон ишеними кетип калышы мүмкүн.

Дайыма өзүнө 100% ишенип жүрүү, бардык тармакта ишенимдүү болуу мүмкүн эмес. Жаңы нерсени баштарда өтө ишенбей кичине коркуу бул нормалдуу эле көрүнүш. Дагы бир жолу айтам эң биринчи бул багытта ата-эне өзү үлгү болуусу маанилүү.

scale_1200
Блог

Сиз эмне себептен балаңызды уруп жатасыз? 

Сиз эмне себептен балаңызды уруп жатасыз? 

Ачууңуздан улам балдарыңызды уруп жатканда, сиз өзүн-өзү башкара албаган, алсыз, өзүнө ишенбеген адамдай мамиле кыласыз. Негизи, чындап караганда, сиз балага эмес, өзүңүзгө, жашооңуз толугу менен сизди канаттандырбагандыктан, айланаңыздагы адамдарга ачууланасыз.

Демек, сизде сүйүү, кечиримдүүлүк, күч кубат, ишеним жок. Каталарыңызды кантип моюнга алууну билбейсиз. Сизди сүйгөн жана сизден сүйүү, көңүл, жылуу сөз, кучак күткөн алсыз адамды жазалоо сизге оңой.Сиздин мындай кемчилигиңиздин себеби, сиз дагы кичинекей кезиңизде ур-токмокко кабылгансыз. Азыр баланыз кандай сезимдерди сезип турса, сиз дагы убагында ушул сезимдерди башыңыздан өткөргөнсуз. Анда, албетте, сиз бул көрүнүштү ата-эненин укугу бар деп кабыл алдыңыз. Анан сизде мындай ой кетти, демек мен жаман экенмин, ошондуктан мен жазага татыктуумун.

Жашоосунда ушунчалык көп адилетсиздикке жана оор тагдырга туш болгон, никеде өздөрун бактысыз сезген, негизи эле жашоолоруна нааразы болгон кишилер мага кеңеш сурап көп  кайрылышат.

Менин байкышыма караганда, көпчүлүк учурларда, алар кичинекей кезинде чоңдор тарабынан кордукка кабылышкан . Мындай балдар бейтааныш адамдардын, туугандарынын жана теңтуштарынын зомбулугуна көбүрөөк кабылышат. Сексуалдык кысымга, кордукка дуушар болушат. Бала кезинде ата-энеси тарабынан көп токмоктолгон аялдар кийин күйөөлөрүнөн кордук көрүшөт. Ал эми бала кезинде көп токмоктолгон эркектер зор зомбулукту кадимки көрүнүш деп эсептеп калышат да, кийин аялы менен балдарына караштуу бул ыкманы колдонушат. 

Сиз оюңузду өзгөртмөюнчө, качан кана балаңыздан жиниңизди чыгарып, эс албайынча, бул көйгөй тукумдан-тукумга чекити жок чексиз уланат. Балаңызды ургуңуз келгенде, калооңузду токтотууга аракет кылыңыз, биринчиден, 10го чейин санагыз, балким, сиздин ачууңуз басылаттыр. Андан коро, ойлонуп көрүңүз, мен чындыгында кимге жиним келип жатат? Эмнеге ачууланып кеткениңизди, балаңызга сөз менен жеткиргенге аракет кылыңыз. Ал сизди сөзсүз түшүнөт! Андан көрө жашооңузду ыңгайлуу кылып, өзүңүзгө, үй-бүлөңүз үчүн жакшы шарттарды түзүп бериңиз. Кимге ачуулансаңыз, ал киши менен жеке олтуруп, мамилеңизди чечишип алыныз, балдарды буга аралаштырбай. Жашооңузду кубанычка толтуруңуз! Балдарга бактылуу көз ирмемдерди тартуулаңыз! Бактылуу болууга өзүңүзгө уруксат бериңиз!

tela-rebenka-kak-vyuchit-i-obschatsya-s-krokh_1619
Блог

Кичинекей бала денеси аркулуу сүйлөйт

Кичинекей бала денеси аркулуу сүйлөйт.

🔸Биз кичинекей, тили чыга элек балдарды туугандарыбызга канчалык көп калтырабыз? Мында бала эмнени сезе турганын ойлонуп көрдүңүз беле?

🔸Ал кандай кайгыруу күчүн сезет? Эгерде ал сүйлөй алса, ал эмне деп айтат эле? Биз аны курсагы ток, кийими бүтүн, өз убагында уктатыла турганын билүү менен калтырабыз. Бирок биз анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын биле албайбыз.

🔸Өзгөчө бир айга, жарым жылга, бир жылга калтырганда…

Бала үчүн бир жыл бүткүз, чексиз сезилет. Ал өзүн кадимкидей алып жүрүшү мүмкүн, ыйлабайт, эркелебейт.

🔸Бирок анда ар кандай аллергия, жараат, суу тийүү, ичтин катышы, дерматиттер, майда жаракаттар пайда болуп баштайт. Ал өзүнүн кайгысын сөз менен айта албайт, муну анын ордуна денеси айтат.

🔸Биз аны дарыгерлерге алып барабыз, дары-дармек беребиз, ар кандай анализдерди тапшырабыз. Бирок баланын кичинекей жан дүйнөсүн түшүнсөк, анын оорусун түшүнсөк, аны кучактап, андан кечирим сурасак, ага өз сүйүүбүздү берсек, анда бардык оорулар ага керексиз болуп калат.

🔸Кымбаттуу ата-энелер! Балаңызда сиздикиндей эле жан дүйнө бар. Болгону алар биз, чоңдор сыяктуу аны билдире алышпайт! Эгерде балаңыз көп ооруса, ойлонуп көрүңүз. Ал эмнени айткысы келип жатат? Балким жан дүйнөсүнүн кыйналганын денеси аркылуу билдирип жаткандыр. 

Чоңдор баланын эмоцияларын байкап, көңүл бууруп, тыңшап, кылдаттык мамиле кылуусу зарыл. Бала өзүнүн сезимдерин көрсөтүү үчүн чоңдор (ата- энеси же багып жаткан туугандары) жардам берүүсү керек. Баланын эмоционалдык стабилдүүлүгү көп учурда ата-эненин колунда.

 

 

rjycekmnfwbz
Блог

Эмнеге психолог жакындарына, туугандарына жана досторуна консультация өткөнгө болбойт? 

Эмнеге психолог жакындарына, туугандарына жана досторуна консультация өткөнгө болбойт? 

🦚 Психологиялык консультацияда аң сезимдин бир нече деңгээлинде ( көмүскөдөгү аң сезим — безсознательное)  процесстер эки адамдын ортосунда болот. Ошондуктан клиент менен психологтун ортосунда эч кандай туугандык же жакын мамиледеги адам болуу мүмкүн эмес. Анткени тууган адамдын кайсы бир бөлүгү (аң сезимибизде) сенде да бар. Консультация өткөндө ролдор аралашып, баш-аламан болот. М: бир тууган эжең мамасы жөнүндө айтса, ал сенинда мамаңда…ал мамасы экөөнүн ортосунда болгон мамилени сен объективдүү карай албайсың. Байланыш бар, чогуу болгон кырдаалдар бар, мүнөзүңөрдө сөзсүз окшоштуктар бар, ар башка ролдо болгон, чындап ачылып көп нерсени айта албай, уялышы мүмкүн, айтып салат тууган ичинде деп коркушу мүмкүн, эки адам бир системада( бир системада болгондо адам ачык көрө албайт эмне болуп жатканын), консультация баштала электе эле ал тууган жөнүндө кайсы бир ойдо жана сезимде.., алар жумушка тоскоолдук кылат, балким ал адамдын да ичинде сага карата ар кандай сезимдери бар. Ошондуктан, психологиялык консультация бул жөн эле сүйлөшүү эмес “ бүгүн суук э” дегендей…бул терең, көп процесстерди өзүнө камтыган, кээде татаал, кээде оор эмоцияны камтыган, өзүнүн эрежеси бар жумуш.

🦚 Үй бүлөө ичинде ролдор бузулбаш керек. Эгер агаңа консультация өткөрсөң, анда сен ага ким болуп каласың? Өзүнөн чоң рольду ойноп, анан кайра консультация бүткөндө кайра өзүңдүн ролуна түшүпбү? Көрдүңөрбү, мындай мүмкүн эмес.

🦚 Кошумча, тууган ичинде жана жакындар ичинде сиз жөнүндө алардын бир ойлору  жана сезимдери бар. Өзүмдү мисал кылсам:  туугандарымдын мага болгон мамилеси мурунку бала чакта эле калыптанып калган. Андан бери мен 100 өзгөрүшүм  мүмкүн, бирок алар мага карата ошол эле ролдордо,  мамиледе кала берет. Анан менин айткандарым, менин суроолорум, принциптерим алар үчүн жөн гана сөз. Эч кандай күчкө ээ эмес. Мен айткан сөздү, башка чоочун адам аларга айтса такыр башка таасир берет. М: Мен канча билим албайын, канча тил билбейин, канча семинарга катышпайын, канча жүздөгөн консультация өткөрбөйүн, канча жерди кыдырбайын, канча дүйнө жүзүндөгү психологтор менен тажрыйба алмашпайын мен алардын кичинекей кызы же эжеси бойдон кала берем. Апам үчүн эч нерсе билбеген, туура эмес, болбогон ишти кылган, көп нерсени түшүнө элек, дагы эле кичине кызмын. Демек, жакындар толук картинаны көрө албайт. Же бир орусча макал менен айтканда”Яйца курицу не учат”.

🦚 Ал эми достор арасында деле ошол төмөндөгү айткан нерселер бар. Буга кошумча бизди бириктирген көп нерсе болушу мүмкүн. Жашаган жер, жолдошторубуз дос болушу мүмкүн, чогу досторубуз ж.б. Булар кийинки мамилебизге таасирин тийгизет. Консультация өтүп, андан ары дос болбошубуз керек же дос болууну улантабыз десек консультация өтпөш керек. Бир коллегамдын айтканы эсимде, консультация өткөн таанышы менен кийин досторунун үйлөнүү тойюнда бир столдо олтуруу эки адам үчүн дискомфорт болгон. 👆Ушуну билбеген достор, өзүңөрдүн ички көйгөйүнөрдү, өзүңөр чечкиле же мага 2%нин эле айтсанар болот. 

🦚 Дагы бир себеби, психологияда адамды өзү жоопкерчилик алышына үндөйт. Ал эми тууган жакындар эмнени күтөт? Жоопкерчилик алганды эмес, сен алардын муктаждыктарын акчалай, күч менен, убактың менен, кошо ошол маселеге аралашып жардам беришиңди күтөт. Бул реалдуу эмес. Колуңан келишинче кылышың мүмкүн, бирок алар ойлогонду, алар күткөндү кыла албайсың. Кыскасы, психологиянын максаты менен жакындардын күтүүсү дал келбейт. Бул мындай деп айта албайсың, анткени алар сенин жакындарың. Тааныбаган адамга, клиентке бул сенин жоопкерчилигиң деп айта аласың. 

 

🦚Көрдүңбү, негизи туугандар, жакындар жана достор жалпы маалымат алса болот, бул кандай деп кыска суроолорун берип, видеолоруңду көрсө болот, жазган нерселериңди окуса болот, өздөрү үйрөнүп, маалымат алса болот. Бирок бетме бет олтуруп кабинетте консультация өткөнгө болбойт. 

passiv-agression
Блог

Пассивдүү агрессия деген эмне?

Пассивдүү агрессия жашоодо, адамдар ортосундагы баарлашууда көп кездешет. Ал айрым адамдардын башкаларга карата агрессияны түз эмес билдирүүсүндө турат. Бул ачуулануунун түз эмес, жашыруун, бурмаланып, же башкаларга билинбей калгандай жол менен чыгуусу. Пассивдүү агрессия негиздүү болушу мүмкүн, башкача айтканда, сиз жаман иш кылып, ал эми адам сизге кыйыр жол менен жооп кылганда. Ал себепсиз дагы болушу мүмкүн, мисалы, адам сизди көрө албайт же маанайы жок болгону үчүн жинин сизден чыгарганда. Пассивдүү агрессия тийишүү, мазактоо, шылдыңдоо, ашыкча таарынуу, суроого жооп бербөө, же болбосо унукпай, сүйлөбөй коюу менен билдирилет. Көбүнчө учурда ачууланып жаткан адамдан “эмне болду?” десең бетке айтпайт, “ачууланып жатасыңбы?” десең танат, мойнуна албайт.

Бул кайдан пайда болот? 

Кээ бир сезимдерге тыйуу салуулардан пайда болот.  “Ачуулануу – бул жаман, аны сезүүгө, көрсөтүүгө болбойт жана адамды же мамилелерди бузушу мүмкүн” деген ишенимдерден келип чыгат. Ишенимдер жашоодогу тажырыйба жана көргөн мисалдар менен калыптанат. Ошондуктан, жаңылыш ишенимдердин бийлигинде болбой, ачык айтканды үйрөнүш керек.  

Пассивдүү агрессия манипуляциялоо жолу аркылуу дагы болушу мүмкүн, манипуляторлор ага көп кайрылышат. 

Пассивдүү агрессиянын жардамы менен адам сизге моралдык жактан кысым көрсөтөт жана сиз тараптан керектүү жүрүм-турумга жетишет, сизди белгилүү бир эмоциялык абалга алып келет, сизди күнөөлүү сезүүгө түртөт. Мисалы, сүйүшкөн жаштар элестетели,  бир тарабы башка тарапты көңүлгө албай, сүйлөшпөй,  чалса, билдирүү жазса жооп бербей,  өзүнүн алыстап жатканынын түшүндүрүү максатында ошундай ыкманы колдонот.  

Белгилүү бир деңгээлде пассивдүү агрессия – кадыресе ( нормалдуу)  көрүнүш, анткени адамдар мамилелерди баалашат, чыр-чатакты каалашпайт, мындай учурларда агрессия эч кайда жоголбойт, чыгуунун пассивдүү жолдорун табат. Мисалы, аялың бир нерсеге таарынып, өзүнчө керебетке уктаганы жөнөйт. Мындай учурда, бир убакта сүйлөшүү зарыл. Бирок ачууңду кармай албай калганга караганда ( түз, бетке айтуу) , аны кармоодон көбүрөөк жапа чегүү туура эмес.  

Эмне кылуу керек? Ачуулануунун себебин түшүнүү зарыл , аны жокко чыгарбаш керек. Ачууланууну туура билдирүү жолдорун табуу керек. Мисалы: “Мен сага ушундан улам ачууланып жатам”, “Сен убаданы бузганың үчүн мен ачууланып жатам. Бул менин жинимди келтирет”. Калыптанып калган пикирге каршы, ачык агрессия көбүнчө чыр-чатакты чечүүгө жана бирин бири жакшы түшүнүүсүнө шарт түзөт. Бирок пассивдүү агрессия ортодогу мамиледе бир же бир нече чечиле элек маселе бар экени жөнүндө билдирет. Аларды жөнүндө ойлонуп, түшүнүп,сезимдерди көрсөтүп, сүйлөшүүнү үйрөнүү керек.

606dbd12675e04.40936722
Блог

Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети

Жаман, орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети

Кыргыздарда ата-энелер, туугандар өспүрүм балдарын тарбиялап жатабыз деп, же болбосо чоң кишилер жинин баладан чыгарып ар кандай ачуу, жаман, орой сөздөрдү айтышат. Кээ бир үй-бүлөдө бул күнүмдүк эле көрүнүш. Мисалы, төмөнкү сөздөрдү сиздер деле бала кезде көп уккан болушуңуз мүмкүн. Балким, кошунаңар балдарын ушул сөздөр менен урушканын угуп калгансыз:

“сен эмне, айнып калгансынбы”, “жинди го”, “өлүп кеткир”, “бети жок десе”, “эй, көк мээ”, “келесоо”, “жинди”, “адам болбойт” ж.б.

Өспүрүм бала өзүнүн тегерегиндеги чоң кишилерден көз каранды болот. Эгерде бала дайыма басынткан сөздөрду укса, ошол сөздөр анын башында жаңырык болуп сакталып калат. Бир ката кетирсе, бир нерсе колунан келбей жатса, ошол терс сөздөр өзүнүн сөзүнө айланат. Өзүнөн өзү күмөн санайт, кайгырат, билимге умтулуусу солгундайт, мамиле куруудан качат. Жаңы тажырыйбалардан коркуп, “менин алым келбейт” деп кызыгуусу жоголот.

Албетте, балдарды тарбиялоо керек, бирок орой сөздөр менен эмес, түшүндүрүү жолу менен, анан дагы адамдык сапаттарын сындабай, жасап жаткан ишин сындап, же болбосо орой эмес, баланы кемсинтпеген сөздөрдү колдонуу зарыл.

Бул маселе жөнүндө ойлоруңуз кандай? Орой сөздөргө кандай маани бересиз?

Өспүрүм балага орой мамиле жасоо кандай терс натыйжа бериши мүмкүн.

Ар кандай тармактагы изилдөөчүлөр (2012, Allan Schore врач, Martin H. Teicher нейропсихиартиядагы изилдөөчү, Оксфорт Университетиндеги Rebecca Waller психология илиминин изилдөөчүсү) биргеликте эмоционалдык зомбулук жана туура эмес мамиле кылуу жаш баланын ден соолугуна зыян экенин далилдешкен.

Дагы кандай кесепеттери болушу мүмкүн:

  • Өзүнө болгон мамилеси жабыркайт: абдан уялчаак, тартынчаак, жалтак болуп чоңоюшу мүмкүн. Өзүнө ишенимдүүлүк сапаты өнүкпөйт. Мисалы, бир сабактан начар баа алып калса, өзүн дароо күнөөлүү сезип, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн санап, башка балдардан өзүн кем сезип калат. Өзүн өзү жек көрүүгө чейин барышы мүмкүн.
  • Башкаларга болгон мамилеси жабыркайт: башка адамдарга ишеними же болбосо келечекке болгон ишеними жабыркайт. Кыялданбай калышы мүмкүн. Чоочун адамдар адилетсиз мамиле кылса, сыйлабаса, орой мамиле кылса “токтот”, “жок” деп айталбайт.
  • Логикалык ой жүгүртүүсүнө терс таасирин тийгизет: бир нерсеге көңүл буруу жөндөмдүүлүгү бузулат. Ар кандай ойлор келип, мисалы сабагына толук көңүл бура албай, кыйналышы мүмкүн. Баш аламан ойлордун, коркуунун, тынчсыздануунун кесепетинен ой жүгүртүү процесси бузулат. Өзү жөнүндө түшүнүгү, башкалар жана дүйнө жөнүндө түшүнүгү негативдүү болуп, ой жүгүртүүсү мүнөзүн өзгөртөт.
  • Эмоционалдык абалы начарлайт: тынчсызданат, коркот, же болбосо тескерисинче, абдан агрессивдүү болот, ачууланганда өзүн-өзү кармай билүү сапаты өнүкпөй калышы ыктымал, жалгыздыкты каалап, досторунан бөлүнүшү мүмкүн.
  • Жалпы ден-соолугунун начарлашына алып келет: табит жок болуп, аз тамактанат, арыктайт, жакшы уктай албайт, түн ичинде ойгонуп, коркунучтуу түштөрдү көрөт, чарчайт. Тез-тезден башы оору же ичип ооруп, алсызданышы мүмкүн.

 

мектеп
Блог

Мектепке даярдоо

  1. Балаңызды ( балдарыңызды) окуу ритмиге көндүрүү максатында аларга жардам берүүгө аракеттенишиңиз зарыл: 

— Эртең менен эрте туруу

— Кечинде эртерээк уктоо

— Мектепке кечинде сумкасын даярдоо

— Кечинде тапшырмага убакыт бөлүү

  1. Балаңызды моралдык жактан мектепке даярдап баштаңыз:

— Досторуна жана жакшы көргөн мугалимдерине, сабактарына жолугарын айтыңыз

— Жаңы билим аландарын баалоонун маанисин түшүндүрүңүз

— Билимдин эмнеге керектигин айтып бериңиз

  1. Балаңыздын жашына ылайыктап, жаңы окуу жылында өз алдынча болорун мурдадан көтсөтүңүз: 

— Башка балдардан айырмаланган жактарын көрсөтүңүз

— Өзү тандай ала турган нерселерди тандаганга мүмкүнчүлүк бериңиз

— Жакшы сапаттарын, билимин баалап, сыймыктанганыңызды айтыңыз

  1. Өзгөрүүлөргө туруштук бергенге жардам бериңиз:

— балким балаңыз быйыл мектепти алмаштыргандыр жана ар кандай коркуулары болушу мүмкүн, балаңыз сиздин ата-эне катары колдооңузга муктаж. 

— биринчи класска бараткандыр — анда көп көңүл буруу зарыл, мектепке барганын анын чоңоюп калганын билдирерин көрсөтүңүз: мактаңыз, сыймыктаныңыз, мээримиңизди берип баланын стрессин азайтканга шарт түзүңүз. 

  1. Балаңыздын мектепке карата болгон сезимдерине ( сүйүнүчүн, жактырбаган нерселерин, коркууларын, капа болуусун, стресс болуусун ) сиз жооп бериңиз:
  2. Өзүңүздүн мектепте өткөргөн жылдарыңыз жөнүндө айтып бериңиз: кайсы сабакты жакшы көрчүңүз эле, кантип кыйынчылыктарды жеңдиңиз эле, кандай жакшы тажырыйбаларды алдыңыз эле, чыныгы досторду жоолуктурганыңызды. Бул балаңыз менен мамилеңизди чыңдаганга жардам берет. Ал сизден үлгү алат же болбосо сизден жакшыраак болууга умтулат. Сиздин балага болгон ишенимиңиз анын өзүн өзү баалоо сапатын өнүктүрөт. 
  3. Балаңыз бир класска өскөндө ар кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн: мектептеги балдарды туурап же өз алдынча өнүгүп, балаңыз мурдункудай сүйлөбөй калса, башкача ой жүгүртүп калса, жаңы адаттарга ээ боло баштаса чочубаңыз. Бала чоңойгондо акырындап өзгөрөт. Бул нормалдуу нерсе. Жаңы адаттарын, мүнөзүн, ойлорун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Сиздин ага болгон кызыгуусун көрүп балаңыз сизди андан дагы жакшы көрүп сыйлап калат, мамилеңиз чыңдалат. 
  4. Балаңыз жаңы окуу жылын баштаганда көңүл буруусу каникулдагыдай болуп ар кайсыга алаксыйт. Анысы ас келгенсип ковидге каршы карантин болду, онлайн окуу болду. Күңүл буруп окуу кыйын болушу мүмкүн. Убакыт менен кайра көңүлүн өзү контролдоо сапаты кайра келет. Сиз ага жардам берсеңиз болот, үй тапшырмага көңүлүн бурууга сиз дин жардамыңыз, же мотивация кылуу сөздөрүңүз, акырындап контролдоп койсоңуз, сиздин ишенимиңиз менен, окууга болгон кызыгуусу менен өз алдынча окууга кайра көнүп калат.