Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?

Ачуулануу жөнүндө
Бул макалада биз ачуулануу – ар бир адамда пайда боло турган, бирок “позитивдүү” деп саналбаган эмоция тууралуу талкуулайбыз.

Бүгүн мен төмөндөгүлөр тууралуу айтып берем:
—    ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот;
—    эмне үчүн ачууланууга тыюу салынат жана ал туурабы;
—    өз ара мамилелерде ачууланууну кантип көзөмөлдөөгө болот;
—    ачуулануу чынында эмнеден кабар берет.

Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?

Ачуулануу – бул адам окуяны, жагдайды, башка адамдын иш-аракетин же сөзүн чабуул (коркунуч) катары кабыл алганда пайда болгон эмоциялык реакция. Ал катуу кыжырдануу, нааразычылык менен коштолот жана маңызы боюнча болгон окуяга каршылык болуп саналат. Ачуулануу – негизги жана ошол эле убакта эң күчтүү эмоциялардын бири.

Ачууланган адам ар дайым чыңалат, анын жүрөгү тезден согот, анын бүтүндөй денеси мобилизацияланат, ал катуу тартылган кылга окшош калат. Ачууланганда адамда көп энергия пайда болот – ал коргонууга же каршы чабуул кылууга даяр болот. Бул күч-кубат кайдан алынат? Мобилизацияланган жана дүүлүккөн адамда көптөгөн гормондор, анын ичинде адреналин (“коркуу же согуш гормону” деп аталган), кортизол (стресс гормону), серотонин (ооруну көңүлгө албоого жардам берген гормон), допамин (“сыйлоо гормону”) жана тестостерон (“күч-кубат жана эрдик гормону”) бөлүнүп чыгаарын медиктер белгилешет.

Ачууланган адам өзүн көзөмөлдөй албай калат, кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып же бир нерсе жасашы мүмкүн. Ошондуктан, “ачууга алдырып койду”, “ачуу душман” деген сөздөр көп айтылат. Алардын баары ачуулануу – бул күчтүү дүрмөттөлгөн күч-кубат экенин баса белгилейт. Эгерде ачуулануу бир адамды эмес, бүтүндөй бир топту камтыса – бул социалдык каршылыктарда, митингдерде, куралдуу кыйратууда, ал гана эмес революцияларда чагылдырылат. Бул тигил же бул социалдык топту нааразы кылган, жашоо шарттарын өзгөртүү үчүн ачуулануу керектүү күч-кубатты мобилизациялоого мүмкүнчүлүк түзө турганын көрсөтөт.

Физиологиялык көз караштан алганда ачууланууну таанып билүү өтө оңой, анткени анын симптомдору ачык жана даана көрүнүп турат – карек кичирейет, бет кызарат, булчуңдар чыңалат жана башка. Бирок психологиялык деңгээлде картина кыйла татаал болот: адам өзүнүн ачуулануусун кыжырдануу же таарыныч деп атап, ачууланууну татаал “комплекстүү” сезимдердин (мисалы, көрө албастык) курамында сезет – жыйынтыгында аны таанып билбеши мүмкүн.

Кыжырдануудан же таарынычтан айырмаланып, ачуулануу басмырланат: ал оор күнөөлөрдүн бири деп аталган жана адамды кандайдыр бир адепсиз каардуу адамга айландырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *