Author: Зейне Кудайбергенова

IMG_20211106_224734_396
Блог

Эмпатиянын түрлөрү

Эмпатиянын түрлөрү

Эмпатия байыркы грек тилинде «empatheia» сөзү, мында «em» префикси «ичинде” дегенди, ал эми «patheia» сезимди билдирет.

Когнитивдик эмпатия – бул башка адамдын көз карашын так түшүнүү, өзүн башка адамдын ордуна коюу жана анын кандай ойдо экенин түшүнүү.
Бул эмпатиянын түрү өзүн-өзү жакшы билүүдөн башталат. Ал адамдардын кызыгуусун стимулдайт, сапаттуу мамиле курганга жана туура чечим алуусуна жардам берет. Мисал үчүн менеджер же болбосо мекеменин башкаруучулары үчүн когнитивдик эмпатияга ээ болуу жана аны машыктыруу абдан маанылуу. Бул интеллектуалдык процесс.
Эмоционалдык эмпатиядан айырмаланып, когнитивдик эмпатия сөздүн жана анын мааниси адамдын мээсинде калыптанышынан көз каранды.

Ал эми эмоционалдык эмпатия – башка адамдын сезимдерин жана эмоцияларын башынан өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Ал наристеде да болот. Мисалы: бир бала ыйласа, экинчиси ыйлашы мүмкүн. Бир наристе башка баланын эмоцияларын сезип, чагылта алганын билдирет. Башка мисал баарыбыздын башыбыздан өткөн учур бул -жакын адамыбыздын ыйлаганын көрүп аны менен кошо ыйлап же кайгыга баткан учур.

Бирок эмпатиялуу адам сөзсүз башка бирөөгө камкор көрсөткөн адам деп айтууга болбойт. Эмпатикалык камкордук – бул башкаларга кам көрүү жана жардам берүү, активдүү кыймыл-аракет жасоо. Эмоцианалдык жана когнитивдик эмпатияга ээ болуу эмпатиялык камкордук көрсөтүүгө барабар эмес.

IMG_20211106_224451_073
Блог

Эмпатия

Эмпатия – бул башкалардын эмоционалдык абалын сезүү, түшүнүү жана боорукерликти көрсөтүү жөндөмдүүлүгү. Ал балачактан баштап мамилелер аркылуу калыптанат. Ушул жөндөмү өнүккөн адам үчүн башкалардын эмоциялары маанилүү, андай адам башка бүрөөнүн сезимдерин чекте какпайт, аларга баа бербейт, сындабайт жана кабыл алганды билет.
Эмпатиянын негизги эки түрү бар:
эмоционалдык жана когнитивдик эмпатия.
(Уландысы болот)

Блог

«Эмоциялардын дөңгөлөгү» Р. Плутчиктин теориясы боюнча

Эмоциялар менен сезимдер абдан маанилүү. Биз алар аркылуу өзүбүздү жана башкаларды жакшы түшүнөбүз билебиз.
Эмоцияларды классификациялаган илимий ишмерлер көп. Алардын бири америкалык психолог Роберт Плутчик. Плутчиктин өзүнүн теориясында эмоцияларды дөңгөлөк же гүлгө салыштырган.

Анан теориясы боюнча эмоциянын эки түрү бар: негизги эмоциялар жана татаал эмоциялар.

Биринчи огунда (дөңгөлөктүн ортосунда) негизги эмоциялардын интенсивдүү түрү жайгашкан: толкундануу — бакытсыздык — суктануу — жийиркенүү — каардануу — үрөйү учуу — айраӊ таӊ калуу — этият болу.

Дөңгөлөктүн экинчи огунда негизги эмоциялар (Плутчиктин сунушу боюнча 8 эмоция): кубаныч- капалануу- ачуулануу- коркуу жана ишеним — канаатанбоо — таң калуу — күтүү.

Үчүнчү огунда негизги эмоциялардын түрү аралашып түзүлгөн композиттер — татаал эмоциялар жана алардын айкалыштары берилген.

angry-2191104_1280-e1507882281103
Блог

Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?

Ачуулануу жөнүндө
Бул макалада биз ачуулануу – ар бир адамда пайда боло турган, бирок “позитивдүү” деп саналбаган эмоция тууралуу талкуулайбыз.

Бүгүн мен төмөндөгүлөр тууралуу айтып берем:
—    ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот;
—    эмне үчүн ачууланууга тыюу салынат жана ал туурабы;
—    өз ара мамилелерде ачууланууну кантип көзөмөлдөөгө болот;
—    ачуулануу чынында эмнеден кабар берет.

Ачуулануу деген эмне жана ал кандай пайда болот?

Ачуулануу – бул адам окуяны, жагдайды, башка адамдын иш-аракетин же сөзүн чабуул (коркунуч) катары кабыл алганда пайда болгон эмоциялык реакция. Ал катуу кыжырдануу, нааразычылык менен коштолот жана маңызы боюнча болгон окуяга каршылык болуп саналат. Ачуулануу – негизги жана ошол эле убакта эң күчтүү эмоциялардын бири.

Ачууланган адам ар дайым чыңалат, анын жүрөгү тезден согот, анын бүтүндөй денеси мобилизацияланат, ал катуу тартылган кылга окшош калат. Ачууланганда адамда көп энергия пайда болот – ал коргонууга же каршы чабуул кылууга даяр болот. Бул күч-кубат кайдан алынат? Мобилизацияланган жана дүүлүккөн адамда көптөгөн гормондор, анын ичинде адреналин (“коркуу же согуш гормону” деп аталган), кортизол (стресс гормону), серотонин (ооруну көңүлгө албоого жардам берген гормон), допамин (“сыйлоо гормону”) жана тестостерон (“күч-кубат жана эрдик гормону”) бөлүнүп чыгаарын медиктер белгилешет.

Ачууланган адам өзүн көзөмөлдөй албай калат, кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып же бир нерсе жасашы мүмкүн. Ошондуктан, “ачууга алдырып койду”, “ачуу душман” деген сөздөр көп айтылат. Алардын баары ачуулануу – бул күчтүү дүрмөттөлгөн күч-кубат экенин баса белгилейт. Эгерде ачуулануу бир адамды эмес, бүтүндөй бир топту камтыса – бул социалдык каршылыктарда, митингдерде, куралдуу кыйратууда, ал гана эмес революцияларда чагылдырылат. Бул тигил же бул социалдык топту нааразы кылган, жашоо шарттарын өзгөртүү үчүн ачуулануу керектүү күч-кубатты мобилизациялоого мүмкүнчүлүк түзө турганын көрсөтөт.

Физиологиялык көз караштан алганда ачууланууну таанып билүү өтө оңой, анткени анын симптомдору ачык жана даана көрүнүп турат – карек кичирейет, бет кызарат, булчуңдар чыңалат жана башка. Бирок психологиялык деңгээлде картина кыйла татаал болот: адам өзүнүн ачуулануусун кыжырдануу же таарыныч деп атап, ачууланууну татаал “комплекстүү” сезимдердин (мисалы, көрө албастык) курамында сезет – жыйынтыгында аны таанып билбеши мүмкүн.

Кыжырдануудан же таарынычтан айырмаланып, ачуулануу басмырланат: ал оор күнөөлөрдүн бири деп аталган жана адамды кандайдыр бир адепсиз каардуу адамга айландырат.

passiv-agression
Блог

Пассивдүү агрессия деген эмне?

Пассивдүү агрессия жашоодо, адамдар ортосундагы баарлашууда көп кездешет. Ал айрым адамдардын башкаларга карата агрессияны түз эмес билдирүүсүндө турат. Бул ачуулануунун түз эмес, жашыруун, бурмаланып, же башкаларга билинбей калгандай жол менен чыгуусу. Пассивдүү агрессия негиздүү болушу мүмкүн, башкача айтканда, сиз жаман иш кылып, ал эми адам сизге кыйыр жол менен жооп кылганда. Ал себепсиз дагы болушу мүмкүн, мисалы, адам сизди көрө албайт же маанайы жок болгону үчүн жинин сизден чыгарганда. Пассивдүү агрессия тийишүү, мазактоо, шылдыңдоо, ашыкча таарынуу, суроого жооп бербөө, же болбосо унукпай, сүйлөбөй коюу менен билдирилет. Көбүнчө учурда ачууланып жаткан адамдан “эмне болду?” десең бетке айтпайт, “ачууланып жатасыңбы?” десең танат, мойнуна албайт.

Бул кайдан пайда болот? 

Кээ бир сезимдерге тыйуу салуулардан пайда болот.  “Ачуулануу – бул жаман, аны сезүүгө, көрсөтүүгө болбойт жана адамды же мамилелерди бузушу мүмкүн” деген ишенимдерден келип чыгат. Ишенимдер жашоодогу тажырыйба жана көргөн мисалдар менен калыптанат. Ошондуктан, жаңылыш ишенимдердин бийлигинде болбой, ачык айтканды үйрөнүш керек.  

Пассивдүү агрессия манипуляциялоо жолу аркылуу дагы болушу мүмкүн, манипуляторлор ага көп кайрылышат. 

Пассивдүү агрессиянын жардамы менен адам сизге моралдык жактан кысым көрсөтөт жана сиз тараптан керектүү жүрүм-турумга жетишет, сизди белгилүү бир эмоциялык абалга алып келет, сизди күнөөлүү сезүүгө түртөт. Мисалы, сүйүшкөн жаштар элестетели,  бир тарабы башка тарапты көңүлгө албай, сүйлөшпөй,  чалса, билдирүү жазса жооп бербей,  өзүнүн алыстап жатканынын түшүндүрүү максатында ошундай ыкманы колдонот.  

Белгилүү бир деңгээлде пассивдүү агрессия – кадыресе ( нормалдуу)  көрүнүш, анткени адамдар мамилелерди баалашат, чыр-чатакты каалашпайт, мындай учурларда агрессия эч кайда жоголбойт, чыгуунун пассивдүү жолдорун табат. Мисалы, аялың бир нерсеге таарынып, өзүнчө керебетке уктаганы жөнөйт. Мындай учурда, бир убакта сүйлөшүү зарыл. Бирок ачууңду кармай албай калганга караганда ( түз, бетке айтуу) , аны кармоодон көбүрөөк жапа чегүү туура эмес.  

Эмне кылуу керек? Ачуулануунун себебин түшүнүү зарыл , аны жокко чыгарбаш керек. Ачууланууну туура билдирүү жолдорун табуу керек. Мисалы: “Мен сага ушундан улам ачууланып жатам”, “Сен убаданы бузганың үчүн мен ачууланып жатам. Бул менин жинимди келтирет”. Калыптанып калган пикирге каршы, ачык агрессия көбүнчө чыр-чатакты чечүүгө жана бирин бири жакшы түшүнүүсүнө шарт түзөт. Бирок пассивдүү агрессия ортодогу мамиледе бир же бир нече чечиле элек маселе бар экени жөнүндө билдирет. Аларды жөнүндө ойлонуп, түшүнүп,сезимдерди көрсөтүп, сүйлөшүүнү үйрөнүү керек.

606dbd12675e04.40936722
Блог

Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети

Жаман, орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети

Кыргыздарда ата-энелер, туугандар өспүрүм балдарын тарбиялап жатабыз деп, же болбосо чоң кишилер жинин баладан чыгарып ар кандай ачуу, жаман, орой сөздөрдү айтышат. Кээ бир үй-бүлөдө бул күнүмдүк эле көрүнүш. Мисалы, төмөнкү сөздөрдү сиздер деле бала кезде көп уккан болушуңуз мүмкүн. Балким, кошунаңар балдарын ушул сөздөр менен урушканын угуп калгансыз:

“сен эмне, айнып калгансынбы”, “жинди го”, “өлүп кеткир”, “бети жок десе”, “эй, көк мээ”, “келесоо”, “жинди”, “адам болбойт” ж.б.

Өспүрүм бала өзүнүн тегерегиндеги чоң кишилерден көз каранды болот. Эгерде бала дайыма басынткан сөздөрду укса, ошол сөздөр анын башында жаңырык болуп сакталып калат. Бир ката кетирсе, бир нерсе колунан келбей жатса, ошол терс сөздөр өзүнүн сөзүнө айланат. Өзүнөн өзү күмөн санайт, кайгырат, билимге умтулуусу солгундайт, мамиле куруудан качат. Жаңы тажырыйбалардан коркуп, “менин алым келбейт” деп кызыгуусу жоголот.

Албетте, балдарды тарбиялоо керек, бирок орой сөздөр менен эмес, түшүндүрүү жолу менен, анан дагы адамдык сапаттарын сындабай, жасап жаткан ишин сындап, же болбосо орой эмес, баланы кемсинтпеген сөздөрдү колдонуу зарыл.

Бул маселе жөнүндө ойлоруңуз кандай? Орой сөздөргө кандай маани бересиз?

Өспүрүм балага орой мамиле жасоо кандай терс натыйжа бериши мүмкүн.

Ар кандай тармактагы изилдөөчүлөр (2012, Allan Schore врач, Martin H. Teicher нейропсихиартиядагы изилдөөчү, Оксфорт Университетиндеги Rebecca Waller психология илиминин изилдөөчүсү) биргеликте эмоционалдык зомбулук жана туура эмес мамиле кылуу жаш баланын ден соолугуна зыян экенин далилдешкен.

Дагы кандай кесепеттери болушу мүмкүн:

  • Өзүнө болгон мамилеси жабыркайт: абдан уялчаак, тартынчаак, жалтак болуп чоңоюшу мүмкүн. Өзүнө ишенимдүүлүк сапаты өнүкпөйт. Мисалы, бир сабактан начар баа алып калса, өзүн дароо күнөөлүү сезип, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн санап, башка балдардан өзүн кем сезип калат. Өзүн өзү жек көрүүгө чейин барышы мүмкүн.
  • Башкаларга болгон мамилеси жабыркайт: башка адамдарга ишеними же болбосо келечекке болгон ишеними жабыркайт. Кыялданбай калышы мүмкүн. Чоочун адамдар адилетсиз мамиле кылса, сыйлабаса, орой мамиле кылса “токтот”, “жок” деп айталбайт.
  • Логикалык ой жүгүртүүсүнө терс таасирин тийгизет: бир нерсеге көңүл буруу жөндөмдүүлүгү бузулат. Ар кандай ойлор келип, мисалы сабагына толук көңүл бура албай, кыйналышы мүмкүн. Баш аламан ойлордун, коркуунун, тынчсыздануунун кесепетинен ой жүгүртүү процесси бузулат. Өзү жөнүндө түшүнүгү, башкалар жана дүйнө жөнүндө түшүнүгү негативдүү болуп, ой жүгүртүүсү мүнөзүн өзгөртөт.
  • Эмоционалдык абалы начарлайт: тынчсызданат, коркот, же болбосо тескерисинче, абдан агрессивдүү болот, ачууланганда өзүн-өзү кармай билүү сапаты өнүкпөй калышы ыктымал, жалгыздыкты каалап, досторунан бөлүнүшү мүмкүн.
  • Жалпы ден-соолугунун начарлашына алып келет: табит жок болуп, аз тамактанат, арыктайт, жакшы уктай албайт, түн ичинде ойгонуп, коркунучтуу түштөрдү көрөт, чарчайт. Тез-тезден башы оору же ичип ооруп, алсызданышы мүмкүн.

 

мектеп
Блог

Мектепке даярдоо

  1. Балаңызды ( балдарыңызды) окуу ритмиге көндүрүү максатында аларга жардам берүүгө аракеттенишиңиз зарыл: 

— Эртең менен эрте туруу

— Кечинде эртерээк уктоо

— Мектепке кечинде сумкасын даярдоо

— Кечинде тапшырмага убакыт бөлүү

  1. Балаңызды моралдык жактан мектепке даярдап баштаңыз:

— Досторуна жана жакшы көргөн мугалимдерине, сабактарына жолугарын айтыңыз

— Жаңы билим аландарын баалоонун маанисин түшүндүрүңүз

— Билимдин эмнеге керектигин айтып бериңиз

  1. Балаңыздын жашына ылайыктап, жаңы окуу жылында өз алдынча болорун мурдадан көтсөтүңүз: 

— Башка балдардан айырмаланган жактарын көрсөтүңүз

— Өзү тандай ала турган нерселерди тандаганга мүмкүнчүлүк бериңиз

— Жакшы сапаттарын, билимин баалап, сыймыктанганыңызды айтыңыз

  1. Өзгөрүүлөргө туруштук бергенге жардам бериңиз:

— балким балаңыз быйыл мектепти алмаштыргандыр жана ар кандай коркуулары болушу мүмкүн, балаңыз сиздин ата-эне катары колдооңузга муктаж. 

— биринчи класска бараткандыр — анда көп көңүл буруу зарыл, мектепке барганын анын чоңоюп калганын билдирерин көрсөтүңүз: мактаңыз, сыймыктаныңыз, мээримиңизди берип баланын стрессин азайтканга шарт түзүңүз. 

  1. Балаңыздын мектепке карата болгон сезимдерине ( сүйүнүчүн, жактырбаган нерселерин, коркууларын, капа болуусун, стресс болуусун ) сиз жооп бериңиз:
  2. Өзүңүздүн мектепте өткөргөн жылдарыңыз жөнүндө айтып бериңиз: кайсы сабакты жакшы көрчүңүз эле, кантип кыйынчылыктарды жеңдиңиз эле, кандай жакшы тажырыйбаларды алдыңыз эле, чыныгы досторду жоолуктурганыңызды. Бул балаңыз менен мамилеңизди чыңдаганга жардам берет. Ал сизден үлгү алат же болбосо сизден жакшыраак болууга умтулат. Сиздин балага болгон ишенимиңиз анын өзүн өзү баалоо сапатын өнүктүрөт. 
  3. Балаңыз бир класска өскөндө ар кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн: мектептеги балдарды туурап же өз алдынча өнүгүп, балаңыз мурдункудай сүйлөбөй калса, башкача ой жүгүртүп калса, жаңы адаттарга ээ боло баштаса чочубаңыз. Бала чоңойгондо акырындап өзгөрөт. Бул нормалдуу нерсе. Жаңы адаттарын, мүнөзүн, ойлорун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Сиздин ага болгон кызыгуусун көрүп балаңыз сизди андан дагы жакшы көрүп сыйлап калат, мамилеңиз чыңдалат. 
  4. Балаңыз жаңы окуу жылын баштаганда көңүл буруусу каникулдагыдай болуп ар кайсыга алаксыйт. Анысы ас келгенсип ковидге каршы карантин болду, онлайн окуу болду. Күңүл буруп окуу кыйын болушу мүмкүн. Убакыт менен кайра көңүлүн өзү контролдоо сапаты кайра келет. Сиз ага жардам берсеңиз болот, үй тапшырмага көңүлүн бурууга сиз дин жардамыңыз, же мотивация кылуу сөздөрүңүз, акырындап контролдоп койсоңуз, сиздин ишенимиңиз менен, окууга болгон кызыгуусу менен өз алдынча окууга кайра көнүп калат.
монолог
Блог

Жан дүйнө монологу

Өзүбүз менен сүйлөшүп жатканда, өзүбүздүн үнүбүздү укпайбыз жада калса тыншабайбыз, бул жөнундө биз эч качан дээрлик ой  жугуртпөйбүз.  

Кандай тон менен, кандай сөздөр менен өзубүзгө кайрылабыз? 

Эмесе, элестетип көрөлу, сиздин ички жан дуйнөгүз — бул үн алгы деп койолу. Кайсы үн алгыны сиз көбүрөөк угасыз?

 «Сындоо» үн алгыны, «Умтулуу», «Күмөн» үн алгыларын, «Ыйлактоо» же болбосо «Жемелөө» үн алгыларын?

Өзүнүздү өзүнүз катуу сындап баштаганыңызда, ар дайым  колдонулуп жүргөн сөздөрдү байкап, баамдап турууга аракет кылыңыз. Мисалы, сиз өзүңүз жөнүндө мындай деп көп ойлоносуз: «Мен кандайча олдоксонмун, акылсызмын, колуман эч нерсе келбейт …». Токтотунуз.

Сиз тандаган жана кыйла конструктивдүү жана боорукер монологго алмаштырыныз: «Бул менин колуман келет … Мен билем, же болбосо үйрөнөм… Булар менин жакшы сапаттарым…».

Өзүңүзгө өзүңүз боорукердик, жумшак, айоо сезим менен мамиле кылуу менен кайрылуу, жана бул нерсеге үйрөнүү бул өтө маанилүү. 

Башкалардан сый-урматты, сүйүүнү жана кабыл алууну талап кылуудан мурун, өзүңүзгө аяр мамиле жасап, өзүңүздү сыйлап, жана дагы өзуңүзгө боорукердик менен мамиле кылууну үйрөнүшүңүз керек.

IMG_20211023_120900_542
Блог

Өзүңдүн жашооңду өзүң көзөмөлдө

Өзүңдүн жашооңду өзүң көзөмөлдө

Сага жашоодон эмне керек экенин сен гана билесиң. Өзүңө өзүң ишенип, жашооңду өз колуңа алып, өз алдынча бактылуу адам болуу үчүн эмнеге укугуң бар экенин билишиң зарыл.

Сенин эмнеге укугуң бар?

• Муктаждыктарыңа ээ болгонго укугуң бар
• Сезимдериңди билдирүүгө укугуң бар
• Ката кетирүүгө
• Адилеттүүлүктү, сый урматтуу мамиле кылууга жана аларды күтүүгө
• Өзүң өзүңө кам көрүүгө
• Сага кандай мамиле кылууну каалаарыңды айтууга
• Жардамды күнөөлү сезбей кабыл алууга
• Жок деп айтууга
• Тандооңо сый мамиле күтүүгө
• Бакытың жана максатың үчүн күрөшүүгө

зомбулук
Блог

Психологиялык же болбосо эмоционалдык зомбулуктун 25 белгиси

Эмоционалдык зомбулук башка зомбулуктун түрлөрүнөн айырмаланып оӊой менен байкалбайт. Психологдордун айтымында аталган зомбулук көрсөткөн адам кичине кезинде жаман мамилеге дуушар болуп, аргасыздан өзүнө болгон ишеними төмөндөп кеткен. Узак убакыт боюу психологиялык зомбулукка туш болуу тынсызданууну стресс жана депрессияга алып келет. Психолог Зейне Кудайбергенова сиз психологиялык зомбулукка туш болуп жатканыӊызды аныктоо үчүн 25 белги туурасында кеӊири тааныштырат.

Эгерд сиз бул жүрүм-турумду кантип аныктоону билбесеңиз, анда бул психологиялык зомбулуктун 25 белгиси менен таанышыңыз:

  • Кордук көрсөткөн адам сизди басынтат, же башка адамдардын алдында шылдыңдайт.
  • Ал ар дайым сизди кемсинтет же сиздин ой-пикириңизди, идеяңызды, сунуштарыңызды же муктаждыктарыңызды эске албай, өзүнүн оюн гана таңуулайт.
  • Ал сизди ыңгайсыз абалда калтыруу үчүн шылдыңдайт же сизди керексиз адамдай сездирип, басынтат.
  • Ал сизди «өтө сезимтал» деп, өзүнүн орой сөздөрүн көнүмүшкө айлантат.
  • Ал сизди башкарып, жаш баладай мамиле кылганга аракет кылат.
  • Ал сиздин жүрүм-турумуңуз үчүн сизди жемелейт же жазалайт. Чечим кабыл алуу үчүн же сыртка чыгуу үчүн дайыма анын уруксаты керек деп, сизди толугу менен контролдоого аракет кылат.
  • Ал сиздин каражатыңызды көзөмөлдөп, акчаңызды кандайча коротуп жатканыңызды билүүгө аракет кылат. Дайыма өзүнөн толук көз каранды кылууга аракет кылат.
  • Ал сизди кемсинтип, жетишкендиктериңизди жокко чыгарып, үмүтүңүздү жана кыялдарыңызды үзөт.
  • Ал өзүн ар дайым туура деп, сизди ар дайым жаңылышат деп эсептейт.
  •  Ал сизди жактырбаган же жек көргөндөй көрүнөт, аны бүтүндөй тулку-бою менен тили көрсөтөт.
  • Ал сиздин кемчиликтериңизди, каталарыңызды же аялуу жериңизди дайыма айтып турат.
  • Ал сизди чындыкка окшошпогон нерселер менен айыптайт.
  •  Бирок ошол эле учурда ал өзүнө карата тамашаны көтөрө албайт, башкалардын шылдыңына чыдабайт, чычалайт, таарынат, жини келет. Сизди шылдыңдаса болот, бирок аны шылдыңдоо мүмкүн эмес.
  •  Ал сый-урматтын жоктугуна такыр чыдамдуу эмес.
  • Ал өзүнүн жүрүм-туруму үчүн актанып, күнөөнү башкаларга жүктөйт, бирок адатта кечирим сурай албай кыйналат.
  • Кайра-кайра чектен чыгып, сиздин муктаждыктарыңызга көңүл бурбай кете берет.
  • Ал сизди өзүнүн көйгөйлөрү, турмуштагы кыйынчылыктары же бактысыздыгы үчүн күнөөлөйт.
  • Ал сизге жагымсыз аттарды коет, жагымсыз лакап ат чаптайт же ар дайым ачуу сөздөрдү айтат.
  • Ал көпчүлүк учурда эмоциясын көрсөтпөйт.
  • Анын сизге боору оорубайт.
  • Ал өзүн курмандык катары көрсөтүп, жоопкерчиликти алгандан көрө, сизди чаташтырууга аракет кылат.
  • Ал сизди жазалоо же контролдоо үчүн, таштап кетүү коркунучун туудурат.
  •  Ал сизди толук кандуу жеке адам эмес, өзүнүн бир уландысындай көрөт.
  • Ал жыныстык мамилени манипуляциялоо жана көзөмөлдөө каражаты катары колдонот.
  • Ал сиз жөнүндө жеке маалыматты башка адамдарга оңой эле ачыктап коет ( сизден уруксат сурабай эле).