Сепарация — эмоционалдык бөлүнүү

Сепарация — эмоционалдык бөлүнүү

Адам баласынын жашоосунда акыры ата-энеден бөлүнүү, алыстоо убагы келет. Бул учурду ар бир адам башынан өткөрөт. Бул туура, жана закон ченемдүү көрүнүш.
Башында бала энесине абдан жакын болот, анткени анын өмүрү жана коопсуздугу жалгыз энеден көз каранды.

Энеси аркылуу бала бул дүйнө жөнүндө маалымат алат. Ал дүйнө коркунучтуубу же бейпилби, ага ишенимдүүбү болобу же жокпу, ошого жараша акыры бала бактылуу боло алабы же жокпу…
Байкап көрсөк, бала кичине кезинде ойноп жүрсө да, энесин көз жаздымынан чыгарбайт, кээде жүгүрүп келип, анын кийимин же колун кармап, сылап, же жөн эле жанында туруп, кайра жүгүрүп кетет. Бул учурда эненин баласынын жанында болуусу — жашоонун бейпил, тынч болуусунун гарантиясы. Бул сезим — бала үчүн абдан маанилүү,анткени эненин сүйүүсү баланын эмоционалдык коопсуздугуна шарт түзөт.

Убакыт өтөт, бала чоңоюп баштайт, дүйнө таануу сезими күчөйт, эгер өөрчүү туура жүрүп баратса, бала акырындан эне-атадан алыстап, өзүнчө боло баштайт. Бул убакта көп эне ката кетирет: «Мурун балам мага абдан жакын эле, эмнеге мынча өзгөрдү? Буга ким күнөөлүү? Мени сыйлабай калды, менин керегим жокпу? Мага ишенбей калдыбы?» деген сыяктуу көп суроолорго жооп таппай кыжалат болот.
Мындай убак келгенде өзүн колго алып, балага суроо жаадырбай, акырын гана «сүйүп байкоочунун» позициясына туруш керек.

Ооба, ал өзгөрүп жатат, ал өз алдынча болгонго аракет кылып жатат, ал өзүн да, дүйнөнү да таанып жатат, мүмкүн туура эмес кадам жасайт, мүмкүн бизге жакпаган нерсени жасайт… Мына дал ошол учурда эне-атанын колдоосу маанилүү. Бул өспүрүм убак. Жинденбей, таарынбай, эмоцияга алдырбай, акыл калчап, туура сөз тандап, баланын көңүлүнө ачкыч тапканга аракет кылуубуз керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *