Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети

Жаман, орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети

Кыргыздарда ата-энелер, туугандар өспүрүм балдарын тарбиялап жатабыз деп, же болбосо чоң кишилер жинин баладан чыгарып ар кандай ачуу, жаман, орой сөздөрдү айтышат. Кээ бир үй-бүлөдө бул күнүмдүк эле көрүнүш. Мисалы, төмөнкү сөздөрдү сиздер деле бала кезде көп уккан болушуңуз мүмкүн. Балким, кошунаңар балдарын ушул сөздөр менен урушканын угуп калгансыз:

“сен эмне, айнып калгансынбы”, “жинди го”, “өлүп кеткир”, “бети жок десе”, “эй, көк мээ”, “келесоо”, “жинди”, “адам болбойт” ж.б.

Өспүрүм бала өзүнүн тегерегиндеги чоң кишилерден көз каранды болот. Эгерде бала дайыма басынткан сөздөрду укса, ошол сөздөр анын башында жаңырык болуп сакталып калат. Бир ката кетирсе, бир нерсе колунан келбей жатса, ошол терс сөздөр өзүнүн сөзүнө айланат. Өзүнөн өзү күмөн санайт, кайгырат, билимге умтулуусу солгундайт, мамиле куруудан качат. Жаңы тажырыйбалардан коркуп, “менин алым келбейт” деп кызыгуусу жоголот.

Албетте, балдарды тарбиялоо керек, бирок орой сөздөр менен эмес, түшүндүрүү жолу менен, анан дагы адамдык сапаттарын сындабай, жасап жаткан ишин сындап, же болбосо орой эмес, баланы кемсинтпеген сөздөрдү колдонуу зарыл.

Бул маселе жөнүндө ойлоруңуз кандай? Орой сөздөргө кандай маани бересиз?

Өспүрүм балага орой мамиле жасоо кандай терс натыйжа бериши мүмкүн.

Ар кандай тармактагы изилдөөчүлөр (2012, Allan Schore врач, Martin H. Teicher нейропсихиартиядагы изилдөөчү, Оксфорт Университетиндеги Rebecca Waller психология илиминин изилдөөчүсү) биргеликте эмоционалдык зомбулук жана туура эмес мамиле кылуу жаш баланын ден соолугуна зыян экенин далилдешкен.

Дагы кандай кесепеттери болушу мүмкүн:

  • Өзүнө болгон мамилеси жабыркайт: абдан уялчаак, тартынчаак, жалтак болуп чоңоюшу мүмкүн. Өзүнө ишенимдүүлүк сапаты өнүкпөйт. Мисалы, бир сабактан начар баа алып калса, өзүн дароо күнөөлүү сезип, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн санап, башка балдардан өзүн кем сезип калат. Өзүн өзү жек көрүүгө чейин барышы мүмкүн.
  • Башкаларга болгон мамилеси жабыркайт: башка адамдарга ишеними же болбосо келечекке болгон ишеними жабыркайт. Кыялданбай калышы мүмкүн. Чоочун адамдар адилетсиз мамиле кылса, сыйлабаса, орой мамиле кылса “токтот”, “жок” деп айталбайт.
  • Логикалык ой жүгүртүүсүнө терс таасирин тийгизет: бир нерсеге көңүл буруу жөндөмдүүлүгү бузулат. Ар кандай ойлор келип, мисалы сабагына толук көңүл бура албай, кыйналышы мүмкүн. Баш аламан ойлордун, коркуунун, тынчсыздануунун кесепетинен ой жүгүртүү процесси бузулат. Өзү жөнүндө түшүнүгү, башкалар жана дүйнө жөнүндө түшүнүгү негативдүү болуп, ой жүгүртүүсү мүнөзүн өзгөртөт.
  • Эмоционалдык абалы начарлайт: тынчсызданат, коркот, же болбосо тескерисинче, абдан агрессивдүү болот, ачууланганда өзүн-өзү кармай билүү сапаты өнүкпөй калышы ыктымал, жалгыздыкты каалап, досторунан бөлүнүшү мүмкүн.
  • Жалпы ден-соолугунун начарлашына алып келет: табит жок болуп, аз тамактанат, арыктайт, жакшы уктай албайт, түн ичинде ойгонуп, коркунучтуу түштөрдү көрөт, чарчайт. Тез-тезден башы оору же ичип ооруп, алсызданышы мүмкүн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *